Билим берүү министри: «3 тилди бирдей билүү керек»

3 тилди бирдей билиши керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн мугалимдердин август конференциясында билдиргенин Акипресс жазды.

Анын айтымында, булар: кыргыз тили, орус тили жана англис тили. «Ар бир адам мамлекеттик тилде бирдей сүйлөп, бирдей ойлонуп, мамлекеттик-тарыхый жана маданий баалуулуктарды коргошу керек. Биз орус тилин билишибиз керек — бул эл аралык баарлашуунун тили. Биз англис тилин билишибиз керек — бул бизнестин тили, STEM тили. Бүгүнкү күндө жаңы кесиптердин 97 пайызы STEM билиминин негизинде түзүлөт», — деди Кендирбаева.