Билим берүү министри Курултайда айтылган Ысык-Көлдөгү 2 мектепке барды

Кечээ, 3-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева II Элдик курултайда айтылган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы М.Рахимова атындагы жана Т.Искаков атындагы жалпы орто билим берүү мектептеринин көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.

Ак-Суу районунун Челпек айылындагы Рахимова атындагы орто мектеби 1970-жылы колдонууга берилген. Учурда мектепте 956 окуучу билим алып, окутуу эки нөөмөттө (смена) жүргүзүлөт жана 66 мугалим эмгектенет. Окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу мектеп кошумча жаңы имаратка муктаж.

Ушул эле айылда жайгашкан Т.Искаков атындагы орто мектеби 2013-жылы “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти Саид Баюми тарабынан каржыланып салынган. 150 окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 222 бала билим алып, 23 мугалим эмгектенет. Мектеп толук капиталдык оңдоп-түзөөгө жана кошумча имаратка муктаж.