Канча мектеп директору кызматтан кетет? Бейшеналиев жооп берди

Биз анализдеп көрдүк. 5 жылдан көп иштеген мектеп директорлорунун саны 966нын тегереги экен. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.

«966 мектеп жетекчиликке конкурска чыгып жатат. Калган 1 миң 200гө жакын мектептин жетекчилигинин иштөө убактысы 5 жылдан ашкан соң, сынакка чыгат. Мектеп директордун ордуна ар 5 жыл сайын сынак жарыяланат. Ал эми мурда жакшы иштеп жаткан делгендер кайра катышса болот. Баарына ачык болот», — деди ал.