Билим берүү министринин орун басары депутаттын логикалык суроосуна жооп бере алган жок

«11-класста жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн предмет киргизүү зарыл» деп билдирди депутат Мирлан Самойкожо 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева ЖРТ тапшырмаларында суроолор мектеп программасынан турарын, бирок суроолордун технологиясы бир аз башкача экенин, логикалык ой жүгүртүү үчүн учурлар бар экенин айтты.

Анда депутат ага логикалык суроо берди. «5 теректе 5тен алма өсүп турат. Ошонун 10 алмасын терип алса, канча алма калат?» — деп сурады депутат.

«10 алма калат», — деди министрдин орун басары.

«Кечиресиз, теректе алма өспөйт», — деди депутат.