2025-жылы мамлекет тарабынан 856 548 703 сумма бөлүнүп, жалпы билим берүү уюмдарына 5 миллионго жакын нуска окуу китептери жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Аида Ишеналиева билдирди.
Аида Ишеналиева Кара-Сууда билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен өткөн жолугушууда учурда басылып жаткан жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстеринин иштелип чыгышы, мазмуну ж.б. окуу китептери боюнча толук маалымат берип, мугалимдер жана ата-энелер үчүн адаптерлер жана редакторлор тарабынан онлайн жана оффлайн колдоолор өткөрүлүп турарын белгиледи. Ошондой эле ал, жаңы билим берүү стандарттарына ылайык, бардык окуу китептери жаңыланарын кошумчалады. Буга чейин 2017-жылдан 2024-жылга чейин болгону 4 миллионго жетпеген окуу китеби басылып чыгарылган.