Билим берүү министрлиги офлайн режиминде окутууга өтүүнүн эки факторун атады

Жаңы окуу жылында онлайн окуу болобу же офлайн окуу болобу аны эки фактор чечет. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Биринчи фактор — вакцинация. Азыр 120 миң педагогикалык кызматкерлердин 60тан ашык пайызы вакцина алышты. Эгерде дарыгерлер эч кандай коркунуч жок, вакцина алсаңыз болот деген мугалимдерибиздин баары вакцина алып жатышат. Ошол вакцина алган мугалимдерибиздин саны көбөйсө, офлайн окууга чыгууга кепилдик болот. 

Экинчи фактор — эпидемиологиялык кырдаал. Өткөн окуу жылында да ар бир облус, районду карап, өзулөрү чечим кылышкан. Эпидкырдаал туруктуу болгон аймактагы мектептер иштешкен. Быйыл да, август айында кырдаалды көзөмөлгө алабыз»,- деди ал.