Министрлик «Сапат» билим берүү мекемесинде башкаруучулардын курамы гана өзгөргөнүн кабарлады

Билим берүү министрлиги «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин башкаруучулардын курамы гана өзгөргөнүн кабарлады.

Министрлик “Сапат” билим берүү тармактарында негизги жана кошумча билим берүү программалары өзгөрүүсүз каларын, 2024-2025-окуу жылында билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратууга жол берилбей турганын билдирди. Ошондой эле министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде билим берүү уюмдарында Мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын, Базистик окуу планынын, окуу пландарынын, негизги жана кошумча билим берүү программаларынын аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүлөрүн кошумчалайт.

Ошону менен бирге министрлик «Маариф» эл аралык фонду билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн билим берүү секторуна 2,5 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартып келүү милдетин алганын маалымдады.