Билим берүү жана илим министрлиги «Temirov Live» каналынын директорлорго байланыштуу иликтөөсүн негизсиз деп баалады

Билим берүү жана илим министрлиги «Temirov Live» каналына жарыяланган мектеп директорлорун конкурстук негизде дайындоо боюнча маалыматтарды негизсиз катары баалайт. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
-Материалда мектеп директоруна талаптарда болочоктогу директор кеминде 7 жыл педагогикалык административдик кызматта тажрыйбасы болуусу керек деп чагылдырылат. Министрлик тарабынан бекитилген жободо директорлук кызмат үчүн аттанган талапкерде жогорку педагогикалык билими жана тиешелүү тармакта 7 жылдык үзгүлтүксүз иш тажрыйбасы болуусу керектиги тууралуу айтылат. Демек, 7 жыл иштеген мугалим, завуч же иштеп жаткан директор да бул конкурска катыша алат. Шарттар баарына бирдей каралган.
Ал эми алдыда өтө турган конкурсту жаңы коррупциялык механизм деп атоосу негизсиз жана чындыкка коошпойт. Өткөрүлө турган конкурс — чыныгы профессионал кадрлар гана өтө ала турган, автоматташтырылган, ачык-айкын жана антикоррупциялык ыкма. Министрлик, деги эле эч бир адам анын жыйынтыгына таасир эте албайт. Конкурс компьютерден автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлөт. Сынактын жүрүшүнө каалаган адам онлайн режиминде күбө боло алат. Тестирлөө бүтөрү менен анын жыйынтыгын талапкер жеке өзү дароо компьютердин экранынан көрөт. Тесттик материалдар Министрлик тарабынан эмес, атайын көз карандысыз эксперттер тобу тарабынан даярдалат. Анын купуялуулугуна 100% кепилдик берилет.
Конкурстан өткөн талапкерлерди атайын квалификациясын жогорулатуучу окутуулардан өткөрүү жүргүзүлөт.
Андыктан коомчулуктун пикирин бүдөмүк ойго салууга, бүлүндүрүүгө багытталган, провокациялык, чагымчылдык изилдөөлөргө ишенбөөгө чакырабыз жана «Temirov Live» каналынын кызматкерлерине расмий документтер менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.