Binance компаниясынын негиздөөчүсү Кыргызстанга иш сапары менен келди

Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык Binance биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао бүгүн, 3-майда Кыргызстанга иш сапары менен келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев сый-урмат менен тосуп алды. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле президентке караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйынына катышуу мерчемделген.