«Бир ай мурун ИИМден колдоо сураганбыз». КТРКнын эфиринен ырчы Анжелика тартылган сериалды алып салышты

КТРКнын эфиринен ырчы Анжелика тартылган «Адилет» сериалын алып салышкан. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден блегисиз себептер менен алынды. Кандай себептер менен биздин сериал туура эмес багытта экенин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюуңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдыңдаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок биздин максат — милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтарыбызды, даттанаарыбызбы билбей отурабыз», — деп жазды ал.

Ал мындан тышкары, бир ай мурда ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жана анын орун басарына тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканын айтты. «Бир ай мурун ИИМ министри, анын орун басары болуп, ИИМдин ичинен тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон. Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт? Мен өз чөнтөгүмдөн 30 миң доллар акча сарптадым», — деди ырчы айым.