Бир айда мигранттардан акча которуу 1,9 миллион долларга көбөйдү

Апрель айында мигранттар Кыргызстанга 216,2 миллион доллар которушкан, бул март айына салыштырмалуу 1,9 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Улуттук банк таратты.

Төрт айдын ичинде эле мигранттар өлкөгө 759,1 миллион доллар которушкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 225,2 миллион долларга көп.

Которулган акчанын 97 пайыздан ашыгы Орусиядан — 740,89 миллион доллар. Башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына 4,27 миллион доллар, АКШдан 10,63 миллион доллар которулган. 2021-жылдын апрелинин аягында, ошондой эле, 46,2 миллион долларды түзгөн каражаттардын агып чыгуусу байкалган. Акчанын негизги бөлүгү Орусия которулган — 44,5 миллион доллар. Төрт ай ичинде агып чыгуулар 169,1 миллион долларга жеткен.