Бир апта мурда Тогуз-Тородо кар көчкүнүн астында калган 4 киши эмне үчүн табылбай жатат?

Жалал-Абадда кар көчкү басып калган 4 адам дээрлик 6 күндөн бери табыла элек.

ӨКМден билдиришкендей, тик тоонун боорунан түшкөн кардын массасынын көлөмү миллион метр кубга жетет. «Коомчулук куткаруучулар жана башка тартылган адамдар дээрлик бир жумадан бери кар көчкү астында калган кытайлык «China Road and Bridge» компаниясынын кызматкерлерин таба албай жатканына тынчсызданууда. Министрлик жумушчуларды тез арада табуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Бул үчүн учурда жеринде сегиз даана оор техника, беш жүктөгүч, бир экскаватор, бир бульдозер, бир грейдер иштеп жатат. 53 куткаруучу кардын массасын казып, 30 метр тереңдикке түшүп жатышат», — дешти министрликтен. 

Түндүк-түштүк (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден (8 чоң, 17 кичи) кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин жана 5 бирдик атайын техникасын, 1 даана мобилдик үйдү кар көчкү басып калган. Такталган маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам (1998-жылы, 1978-жылы, 1979-жылы жана 1987-жылы туулган) дайынсыз болууда.