«Бир болайыктан» таанылган Арген Асанов «Ала-Тоо» аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылууда

«Бир болайык» шоу берүүсү менен таанылган Арген Асанов «Ала-Тоо» аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылууда. Аны унаадан түшүрүп, кармап жатышканы тартылган видеолор соцтармакта тарады.

Милиция тарабынан жогорудагы маалымат ырастала элек.

Арген Асанов жубайы Аружан Бекешева экөө соцтармактагы баракчасында кечээ, 26-августта саат 18:00гө «Ала-Тоо» аянтында оюн уюштуруларын билдирген. Анда 100 миң сом таратылмак. Бирок видеодон адам аянтка көп чогулуп, ызы-чуу болуп жатканы көрүнөт. Соңку окуялар боюнча блогердин өзү үн ката элек.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg