«Бир да жеке ишкер кысымга алынбашы, жөндөн жөн текшерилбеши керек» дейт Ташиев

«Бир да жеке ишкер кысымга алынбашы керек». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйында билдирди.

«Ишкерлер, жөнөкөй адамдар эркин жашап, иштеп жана укуктары корголушу керек. Бир да ишкердин кысымга алынбашына кепилдик беребиз. Бир да ишкер жөн эле текшерилбеши, жөндөн жөн жоопко тартылбашы керек. Бардык ишкерлерге эрки иштеп, эркин акча тапканга шарт түзөбүз. Себеби, биз айрым жеке ишкерлерди жазалаганда, «тийишип жатасыңар» деп жатышат. Коомчулукка айтайын, салыкты төлөбөй, элдин ырыскысын тартып алгандарды гана жазалайбыз»,— деди ал.