«Бир жериңиз акпы?». Оштун мэри орун басарын тилдеди (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев адаттагыдай кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрдү. Ал орун басары Сонунбек Жунусбаевди кечиккени үчүн тилдеген.

«Молдочулук кылсаңыз, мечитке барып молдочулук кылыңыз. Биз иштеп жатабыз. Мен деле намаз окуйм. Эртең менен туруп даарат алып, эки рекет парз окуйм, болду. Сиз өзгөчөсүзбү же бир жериңиз акпы? Өзүнчө эле аппак, куу боло бербеңиз. Ошондой эле кылып жатабыз да биз деле. Кызык. Карачы сага айткан канча тапшырма калып кетти», — деген ал.