Бир жума ичинде 64 адам коронавирустан каза болду

28-июндан 5-июлга чейин 64 адам коронавирус жуктуруп каза болушкан. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Каза болгондордун көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Бишкек шаарында – 30 адам вирустун кесепетинен каза болсо, акыркы жети күн ичинде өлүм көрсөткүчү боюнча экинчи орунда Чүй облусу турат — 10 адам. Баткен облусунда — 7, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 5 өлүм катталды, Ошто — 3, Таласта — эки, Нарын жана Ош облустарында – бирден өлүм катталды.