Бир жуманын ичинде сүт менен майдын баасы төмөндөдү

«Бир жуманын ичинде сүткө жана майга болгон баалар төмөндөдү»,- деп айтылат Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин «Республикадагы базар бааларынын деңгээли» материалында.

Майлуулугу 2,5 пайыздан 3,2 пайызга чейинки пастерленген сүткө орточо базар баасы литрине 51,06 сомдон 50,94 сомго чейин төмөндөгөн. Тактап айтканда бул 0,2 пайызга төмөндөгөнүнөн кабар берет.

72,5 пайыздан кем эмес курамындагы өсүмдүк майлары жок майдын орточо базар баасы бир аз төмөндөп жаткандыгын көрсөтөт. Башкача айтканда,  килограммы 344,5 сомдон 343,56 сомго чейин төмөндөгөн. Бул 0,3 пайызга төмөндөгөнүн көрсөтөт.