Бир жыл ичинде өлкөгө «Жүк-200» менен 124 адамдын сөөгү алып келинген

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанга «Жүк-200» менен 124 кыргызстандыктын сөөгү алынып келди. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Маалыматтык-консультациялык борбордун директорунун билдирүүсү боюнча 124 жарандын 102си эркек, 22си кыз-келиндер болгон. “22 жашка чейин 7, 22ден 30 жашка чейин 26, 30дан 40ка чейин 28, 40тан жогору 63 адам келген. Алардын 91и оорудан, 12си кырсыктан, алтоо жол кырсыгынан, экөө өзүнө кол салуудан, 9у такталган эмес, экөө киши колдуу болуп каза болгон. Жыл сайын Кыргызстанга чет өлкөдө каза болгон 300 мекендешибиздин сөөгү алынып келет», — дейт ал.