Бир күндө өзгөчө комбинациялуу 45 мамлекеттик номер сатылды

Бир күндө өзгөчө комбинациялуу 45 мамлекеттик номер сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, номерлердин жалпы баасы 780 миң сомду түзөт. Бул сумманын 91 пайызы мамлекеттик казынага которулат. Маалыматка ылайык, мындан сырткары жакынкы аралыкта жалпы старттык баасы 7 миллион 604 миң сомду түзө турган 158 аукциондун өтүшү пландалган.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда онлайн-аукцион сайты жаңыланган. Анда унаа айдоочулар сандардан турган гана эмес, тамгалардан турган номерлерди тандоону каалашкан.