«Бир класста 70-80 бала окуп жаткандар бар». Депутат курулушу башталган мектептерди бүтүрүү керектигин айтты

Депутат Таалайбек Сарыбашов республикалык бюджеттин эсебинен курулушу башталган мектептерди бүтүрүүнү тездетүү керектигин айтты.

«Башталган мектептердин көбү бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Ички миграция, тегерегиндеги райондордон бүт Ошко алып келип, бир класстын ичинде 70-80 бала, 60 бала окуп жаткан жерлер бар. Бардыгын Ош шаарынын бюджетинин өзүнө таштап койдуңар, бир жагын тартса экинчи жагына жетпей жатат», — деди Сарыбашов.