Бир нече бюллетенди электрондук кутучага салып жаткан факт боюнча иликтөө иштери башталды

Баткендин Бужум айылындагы №8077 шайлоо участкасында бир адам башка бюллетенди кошуп электрондук кутучага салып жатканы тартылган видео териштириле баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, бир шайлоочунун кабыл албай койгон бюллетенин экинчи киши өзүнүн бюллетенине кошуп салып жатканы белгилүү болду. Факты райондук милициянын электрондук журналына катталган.

«Kloop.kg» сайты буга чейин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында бир шайлоочу бир канча бюллетенди кутучага салып жаткан видеону жарыялаган эле.