«Бир партада төрттөн отурушат». Соцтармактарга №29 гимназияда тартылган видео жарыяланды

Социалдык тармактын Жылдыз Бекбаева аттуу колдонуучусу Бишкектеги №29 гимназияда тартылган видео менен бөлүштү.

«Балдарыбызга убал эле болду. Мектеп салгылачы айланайындар, мектеп! Балдар мектептерге батпай калды. Класстарда 45-50дөн окуучу, партада шпрот болуп тыгылып төрттөн отурушат. Балдар кысылып отуруп кантип жазат, кантип окушат?» — деп суроо салды колдонуучу.