«Бир сантиметр да жерди бербейбиз» деген чек арачы сүйүктүүсүнүн колун сурады

2022-жылы Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тарап, элге кеңири жайылган. Дал ошол видеодогу Эламан Жунушалиев сүйүктүүсүнүн колун сурады.

Маалыматка караганда, ал 3-май күнү көлдүн үстүндө сүйлөшкөн кызына баш кошуу сунушун киргизген.

Анын сүйүктүүсү жана болочоктогу жубайы модель — Жанара Муктарбекова.