«Бир сөөк жатат дешиптир». Депутат каза болду делип, бирок табылбай жаткан Дастан Анарбековдун ДНК-анализи даяр болбой жатканын айтты

Депутат Марат Мураталиев каза болду делип, бирок табылбай жаткан Дастан Анарбеков тууралуу парламентте кеп козгоду.

«Анарбеков Дастан деген балабыз азыр жок болуп жатат. ДНК-анализин аныктоого жарым ай болуп калды. Ушуну тездетсек жакшы болмок. «Камуфляжын бериптир» деп апасы ыйлап жатат. Ооруканада бир сөөк жатат дешти. Ошону көргүлө дептир. Айылда эл чогулуп жатат»,- деди ал.