Бир сутка ичинде коронавирустан 2 адам каза болду

Өлкөдө 20-февралга карата коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде 59 адамдан коронавирус табылган. Алардын бири медициналык кызматкер.

Ошондой эле учурда ооруканаларда 391 бейтап, үй шартында 358 адам дарыланып жатышат.

Белгилей кетсек, ушуну менен бул оорудан каза тапкандардын саны 1 миң 452 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча жалпы илдет жуктуруп алгандардын саны 85 миң 831 болду.