Бир тутам чач… Бишкекте 8 жашар кызга уникалдуу операция жасалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө мээге уникалдуу операция жасалды. Операцияга Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Миталип Мамытов жана кафедра башчысы Бакыт Карачев баштаган нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери катышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Жалал-Абад облусунда жашаган 2016-жылы туулган бейтапка баш мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү көлөмдүү шишик деген диагноз коюлган. Мээнин 4-карынчасынын түбүндөгү шишикти — тератоманы алып салуу операциясы ийгиликтүү өттү. Тератоманын ичинде бир тутам чач болгон, ал, болжол менен, бала төрөлгөндөн тартып ооруканага кайрылганга чейин өсүп келген. Аталган карынчанын түбүндө чачтын тамыры болгон, балким ал жатын ичиндеги өнүгүүнүн бузулушу менен байланыштуу болгон. Чачтын өсүүсүнүн уланышы бейтаптын ден соолугуна коркунуч келтирмек.