Бир түндө жылдыз болгон келин. Сүрөтчү Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин жарыялады

Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская кезектеги эмгегин «Ынтымак» сейил багында бир түндө жылдызы жанган келинге арнады.

«Ынтымак» сейил багында ырдаган айымга арналган фанарт», — деген жазуу калтырган сүрөтчү. 

18-июнда Бишкектин «Ынтымак» сейил багында белгилүү дүйнөлүк хиттерди өзүндөй кылып жандуу ырдаган келиндин видеосу интернетке тараган. Биз дал ошол көпчүлүктүн мактоосуна арзыган Бегимай Турусбекова менен маектештик. Ал өз сөзүндө элден, интернет колдонуучулардан мындай реакция болот деп күтпөгөнүн айтты. Толугу менен видеодо.