Бир түндө жылдыз болгон Бегимай Турусбекованын апасы: «Кызымды колдогон, талантын баалаган эл-журтуман айланайын»

3 ай мурун Бишкектеги “Ынтымак” паркында ырдап бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова апасы Сырга Мусаева менен SUPERTV телеканалына маек берди. “Менин жетпей калган кыялыма кызым жетип жатканына кубанычым коюнума батпай жүрөт” дейт ырчы айымдын апасы.

«Мен ушул жерге келем деп ойлогон да эмесмин, түш да көргөн эмесмин. Кызымдын талантынын аркасы менен үмүттөрүм жанып, ушул жерге келип, сиздер менен амандашып жатам. Менин бул көптөн күткөн тилегим болчу. Мына кызым 33кө чыгып жатпайбы. Болбой калды окшойт деп ойлогом. Кудайым жолун качан ачам десе колундагы иш экен. Анан колдогон, талантын баалаган эл-журтуман айланайын. Башымды ийип таазим кылам. Бишкекке жөнөтүп жатканда ырдап анан жылдыз болуп кетет деген ойдо жок болчу. Унаа алып, ден соолугуңарды текшертип келгиле деп эле барышкан да»,— дейт ал.