Бир уул жана эки кыз… Бишкекте үч эм төрөлдү

20-июнда Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Биринчи наристе 1 килограмм 400 грамм, ал эми кыздар 1 килограмм 740 грамм жана 1 килограмм 690 грамм салмакта төрөлгөн. Бул 33 жаштагы Чүй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 23-июнда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.