«Бир үй-бүлөнүн 5 баласы ток уруп, каза болуп…» Майор тергөөчү менен маек

Лира Жыргалбекова 33 жашта. Ал 11 жылдан бери милицияда тергөөчү болуп иштейт. Адатта тергөөчү суроо салса, бүгүн биз ага суроо сала турган болдук. Бул видеодо майор тергөөчүлүк кесибинин оош-кыйышын айтып берди.

«Иш тергеп жатканда өспүрүм балдар, ымыркайлар боюнча иш болгондо аябай жүрөгүм ооруйт. Жүрөгүмдү ооруткан бир окуя болгон. Бир үй-бүлөдө талааны сугарганга күйүүчү май менен мотор иштетип, суу чыгарышат го, ошону жасап жаткан жерге балдар барган экен. Ошол жерде бир үй-бүлөнүн 5 кичинекей баласы каза тапкан. Аябай жүрөгүмө катуу тийген. Ток урганда ичиндеги органдары жабышып калыптыр», — деди ал.