Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук фонду тарабынан өлкөгө билим берүү комплекси курулат

Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук фонду тарабынан өлкөгө билим берүү комплекси курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, министр Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, бир катар жолугушууларды өткөргөн. Анда тараптар билим берүү жана илим тармактарындагы бир катар кызматташуу багыттарын талкуулашкан.

“Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Аль Мактум атындагы Кайрымдуулук фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль Саег менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында, Аль Мактум атындагы фонд тарабынан Кыргызстанда билим берүү комплексинин курулушу макулдашылды. Жакынкы убакта даталар такталгандан кийин, билим берүү комплексинин курулушуна даярдыктарды баштоо үчүн Фонддун делегациясынын Кыргызстанга келиши күтүлөт”,- деп айтылат маалыматта.