Биринчи айым Айгүл Жапарованын Википедияда баракчасы түзүлдү

Биринчи айым Айгүл Жапарованын Википедиядагы баракчасы түзүлдү. Айгүл Жапарованын Википедиядагы баракчасында жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү маалыматтар, анын интервьюларынан үзүндүлөр камтылган.

Барак 7 -июлда Роман Кубанский аттуу колдонуучу тарабынан түзүлгөн. Колдонуучунун www.wikiwand.com баракчасы анын Орусиядан экенин жана компьютер оюндарын жана мемдерди жаратууну жакшы көрөрүн көрсөтөт. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Айгүл Жапарованын расмий баракчасы жок. Ал тууралуу маалымат ал жетектеген «Үмүт булагы» коомдук уюмунун баракчасында жарыяланат. 

Википедиянын негизги өзгөчөлүгү — бул каалаган интернет колдонуучу ал боюнча макалаларды түзүп, оңдоп -түзөй алат, андыктан маалыматтын ишенимдүүлүгү жана тактыгы суроолорду жаратат.