Биринчи жолу «Мекен-карт» тапшырылды. Ал эмне үчүн керек?

Бүгүн, 12-июнда Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ата-энеси Кыргыз жараны болгон Орусиянын жаранына биринчи жолу “Мекен-картаны” тапшырды.

Маалымат үчүн: «Мекен-карт» автоматташтырылган маалымат тутуму 2013-жылдын 13-мартында өндүрүштүк пайдаланууга берилген. Аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин алдындагы аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Долбоор мурда Кыргыз жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөнүн аймагында болуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Мекендеш статусун алган адам Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз чыга/кире, транзит менен өтө алат жана жүрө алат; мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тышкары иштей алат; саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызматтарды ала алат