“Биринчи күйөөм сабап, асып койгон күндөрү болгон” дейт 27 жаштагы келин

Буга чейин биз “Төрөп үйгө келсем, күйөөм ойношу менен төшөктө жатыптыр. Барар жерим жок болгонунан, айла жок күндөшүм менен 10 күн бирге жашадым” деген Мадина Казакбаева аттуу 27 жаштагы келиндин тагдыры тууралуу жазганбыз. Видео жарык көргөн соң келиндин жашоосу тууралуу жаңы жагдайлар белгилүү болду. Казакбаева бизге берген маегинде биринчи жолдошу да ага кордук көрсөткөнүн айтты.

«Азыркы жолдошум — экинчи күйөөм. Биринчи никемде да жакшылык көргөн эмесмин. Ал ичимдик ичип келип мени башка чаап, уруп-сабап, асып койгон күндөрү болгон. Ал эми бул жолдошум үстүмө аял алып алганда, бир бөлмөлүү үйдө күйөөм ортодо, күндөшүм экөөбүз эки четте жатып жашадык. Жолдошум экинчи аялын, мен кыздарды карап жатчумун. 

Ата-энемдин көзү өтүп кеткен.  Азыр турмушка чыга турган оюм жок. Кыздарыма келечек кургум келет. SUPERTV’га чыккан видеодон соң эл кийим-кече, азык-түлүк жана акчалай жардам берип жатышат» дейт Казакбаева.