Биринчи Май райондук сотунун алдында Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат

Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митинги өтүп жатат.

Чогулгандардын колдорунда: “Биз Алмазбек Атамбаев үчүн”, “Өлкөнүн кулашына Соке күнөөлүү”,- деген кагаздар бар.

Митингчилер мурдагы мамлекет башчыны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Бүгүн, 3-февралда Биринчи Май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Батукаевге байланышкан соттук отуруму өтүп жатат.