Биринчи май райондук сотунун алдына кармалган саясатчылардын тарапташтары кайрадан чогулду

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун имаратынын жанында экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов, экс-премьер Өмүрбек Бабанов жана башка кармалгандардын жактоочулары чогулду.

Аларды колдоо үчүн Биринчи май райондук сотунун алдына 50гө жакын адам келди. Ошондой эле «Кактус» сайтынын билдирүүсү боюнча, Бабановдун Таластагы тарапташтары аны колдоо үчүн Бишкекке жолго чыккандыгы айтылды.