Биринчи Май райондук сотунун жанында Атамбаевди жана анын тарапташтарын колдоо митинги өтүүдө

Бүгүн, 10-декабрда Биринчи Май райондук сотунун жанында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын колдоо митинги өтүп жатат.

Чогулгандар Атамбаевди, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековду, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жана саясатчы Жеңиш Молдокматовду камактан чыгарууну талап кылышууда. 

Активист Кундуз Жолдубаеванын айтымында, буга чейин сот депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын жокко чыгарган. Ал алар коррупцияга шектелип жатканын эске салды. «Бирок ага карабастан сот аларды бошотуп жатат. Мыйзам бардыгы үчүн иштеши керек”, — дейт ал.