Биринчи Май райондук сотунун жанында Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатат

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Алар учурда мурдагы чиновникке карата тагылган айыптарга далилдерди талап кылышууда.

Буга чейин Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова социалдык тармактагы баракчасына мурдагы чиновник райондук сотко жеткириле турганын жана митингдер уланарын жазган эле.

Райымбек Матраимов 18-февралда УКМК тарабынан кармалып, анда кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча шектелип жатканы маалымдалган.