Артем Новиков эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү тапшырды

Бүгүн, 20-мартта коронавируска каршы күрөшүү республикалык ыкчам штабынын жыйыны болуп өттү. Анда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков да катышып, эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү, медициналык мекемелерди алдын ала даярдоону тапшырды.

“Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акыркы жумада начарлаганы байкалып жатат. Ар бир облустагы, айыл өкмөттөрдөгү медициналык мекемелер элдин саламаттыгына жакшылап көзөмөл кылып, коронавирус инфекциясынын деңгээлин текшерүүгө тийиш. Кырдаал начарлап кетсе, кошумча коргоо чаралары көрүлөт. Ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалып, дары-дармек запасы дарыканаларда дагы эки айлык мөөнөттөн азайтылбашы керек”,-деди Новиков.

Вице-премьер-министр ошондой эле дары-дармектин баасы да мамлекеттик көзөмөлдө болорун эскертип, кийинки жумада бул маселе фармацевтикалык ишканалардын ээлери менен талкууланарын билдирди.