Биринчи вице-премьер митингге чыккан ак халатчандар менен жолукту

Биринчи вице-премьер Артем Новиков митингге чыккан ак халатчандар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда медициналык кызматкерлер кызматтык милдетин аткаруу учурунда коронавирус илдетин жуктуруп алууга байланыштуу бийлик убада кылган компенсацияны төлөп берүү, төмөн маяна, коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыздоо боюнча бир топ маселелерди айтып беришти. Буга карата Артем Новиков компенсацияны төлөө боюнча атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинде компенсацияны төлөп берүү боюнча бардык медициналык кызматкерлер катышкан жолугушуу өткөрөбүз, анда бул маселе тыкыр иликтенет. Биз компенсацияны төлөө маселесин чечүүнү колдон келишинче тездетебиз. Маянаны жогорулатууга келсек, Финансы жана экономика министрлигинде тийиштүү эсептер жүргүзүлөт. Мамлекеттин чыныгы мүмкүнчүлүгүн да карап чыгуу керек», — деди биринчи вице-премьер.

Кечээ күнү Бишкекте ак халатчандар Панфилов атындагы сейил бакта митинг өткөрүшкөн, андан ары алар жөө Ак Үйдүн алдына, кийин Өкмөт үйүнүн жанына да барып, талаптарын айтышкан эле.