“Бирөө реанимацияда”. Министр учак кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев соцтармактагы баракчасына Казакстандагы учак кырсыгында жабыркаган Кыргызстандын 3 жараны тууралуу маалымат берди.

Бир жараныбыз реанимацияда, абалы туруктуу. Эки жараныбыздын абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Биз Казакстан жана Азербайжандын тиешелүү органдары менен тыгыз байланыштабыз. Жарандарыбызга толук жардам көрсөтүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.