«Бирөөнү коркутуу менен алектенбейбиз». Муфтият Рафаэль Физиевдин айыптоосуна жооп берди

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев беттештерге Кыргызстандын желеги алдында чыкпай турганын, өлкөдөн үй-бүлөсү менен көчүп кетерин жар салды. Ал ошондой эле Кыргызстандын муфтиятынын жана айрым белгилүү адамдардын куугунтугуна туш болгонун айтып чыкты.

Ал эми СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Муфтияттын басма сөз кызматы Мусулмандардын дин башкармалыгы коркутуулар менен алектенбестигин айтты.

«Физиевдин айткандарына Муфтияттын тиешеси жок. Муфтият бирөөнү коркутуу менен алектенбейт. Мекеме өзүнүн уставдык негизинде иш алып барат. Ал киши айтып жатат «бир нече адам тарабынан телефондук коркутуулар болуп жатат» деп. Башка бирөөлөр коркутса дагы, аны Муфтият менен аралаштыруу туура эмес»,- дешти мекемеден.