«Бирөөнү сүзүп кетсеңер эмне болот?». Мэр автобус айдоочуларга эскертүү жасады

Бишкек шаарынын мэри муниципалдык автобустун айдоочулары менен жолугушту.

Борбор калаанын башчысы муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.

«Садыр Жапаровдун колдоосу менен Бишкек шаарына 1000 жаңы автобус сатылып алынды. Бирөөнү сүзүп кетсеңер, автобустун ичиндеги жүргүнчүнү майып кылып алсаңар эмне болот? Биздин азыркы саясат баарына бирдей – мыйзамды, эрежелерди сактоо», — деди ал.

Одоно эреже бузуулар үчүн Бишкек шаардык транспортунда 30 айдоочу иштен алынат.