«Бирөөсү бутун кокустатып алган». Баткенде 3 өспүрүм тоодон түшүрүлдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарында кечээ, 20-апрелде тоодо 12 жаштагы бала бутун кокустатып, өз алдынча түшө албай калып, жардам сураган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аны менен чогуу 3 өспүрүм болгон. Тартылган куткаруучулар түшө албай калган 3 өспүрүмдү тоодон алып түшүрүп, ата-энелерине өткөрүп беришти. Жерине 4 куткаруучу тартылган.