Бишимбаевди жактоочулар коргобой койсо болот беле? Юрист жооп берди

Юрист Шердор Абдыкапаров соцтармактагы баракчасына көпчүлүктү кызыктырган «Бишимбаевди жактоочулар коргобой койсо болот беле?» деген суроого жооп берди.

«Мыйзам боюнча мамлекеттик жактоочу берилет. Анткени ар бир жаран корголууга укуктуу. Жактоочу жок сот иштер жүрбөйт. Ар бир айыпталып жатканда адамда жактоочу болушу керек», — деди ал.