Бишкек №15 троллейбус мындан ары каттабайт

1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылат. Мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган.

Негизги себептери:

— Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кеткен.
— №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдардын болушу анын ишин экономикалык жактан жараксыз кылат.