Бишкек 2020-жылга карата абасы эң кир шаар аталды

Бишкек 2020-жылга карата абасы кир шаарлардын тизмесинде алтынчы сапка чыкты. Абанын кирдиги абадагы РМ2.5 чаңдарынын көптүгүнөн улам болгону маалым. Жалпысынан IQ Air рейтингине 92 борбор катышты.

Бир жылдын ичинде Бишкек шаары бул рейтингде 8 позицияга начарлаган. Салыштыра турган болсок, 2019-жылы борбор калаа бул рейтингде 16-катарда эле. Маалыматтарга караганда, аба булганган өлкөлөрдүн катарына Бангладеш, Пакистан, Индия, Монголия, Афганистан, Оман, Катар жана Кыргызстан кирет.

Ал эми абасы эң таза болгон өлкөлөр Пуэрто-Рикодо, Жаңы Каледония, Виргин аралдары, Швеция, Финляндия, Норвегия жана Эстония экени айтылды.