Бул жазда борбор калаабыз гүлгө оролду – шаардагы сейил бактар менен гүл бакчаларды 230 миңден ашуун жоогазын кооздоп турат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жаркыраган гүл композициялары шаарга өзгөчө көрк берип, жазгы жылуу маанай тартуулоодо. Жашылдандыруу иштери уланууда – келгиле, бул кооздукту бирге сактайлы!