Бишкек: 50дөн ашык каттамдагы кичи автобус борбордон чыгарылат

Бишкек шаарында кичи автобустарды калаанын борбордук бөлүгүнөн чыгаруу иштери уланууда. Ага ылайык, 15-июндан тарта жалпы пландык чыгуусу 1202 бирдик кичи автобусту түзгөн 53 каттам чыгарылат.
Кыймыл чиймеси альтернативдүү көчөлөргө которулган кичи автобус каттамдары төмөнкүлөр:
“Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасы
№101, №111, №117, №129, №131, №143, №163, №164, №176, №179, №185, №199, №200, №201, №211, №230, №240, №254, №260, №265, №285, №295, №147.
Жүргүнчү ташыган жеке фирмалар:
№104, №106, №118, №121, №128, №130, №132, №135, №136, №137, №138, №148, №172, №175, №188, №192, №193, №202, №203, №204, №207(жабылат), №208, №215, №220, №224, №243, №252, №257, №258, №266.