Бишкек апрель айында 1 миллион 600 миң гүл менен кооздолот (сүрөт)

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында жазгы гүл отургузууга активдүү даярдык башталды.

Учурда ишкананын күнөсканаларында жаш көчөттөрдү жаңы топурак аралашмасы толтурулган чоң идишке көчүрүлүп жатат. Февраль айында ишкананын эки күнөсканасына бир жылдык гүлдөрдүн 20дан ашык түрүнүн үрөнү себилген. Апрель айынын аягында шаардын гүлзарлары 1 миллион 600 миң бир жылдык гүлдөр менен кооздолот.